super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Масахиса Сато баштаган Япония парламентинин депутаттары менен жолугушту

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 2-августта Кыргызстанга иш сапары менен келген Япония парламентинин депутаты Масахиса Сато баштаган япон делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Масахиса Сато Япония парламентинин Кеңешчилер палатасынын депутаттарынын Кыргызстанга болгон алгачкы иш сапары экенин белгилеп, алардын негизги максаты эки тараптуу мамилелерди мындан ары дагы бекемдөө, япон өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышуу экенин айтып өттү.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Японияга болгон расмий иш сапары эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өз ара ишенимди бекемдөөгө чоң түрткү бергенин белгилеп кетишти.
Өз сөзүндө төрага Асылбек Жээнбеков Кыргызстандын кен байлыктарынын, энергетикалык ресурстарынын чети да оюла элек экенине токтолуп, экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү чоң экендигин айтуу менен инвестиция тартуу аркылуу кызматташа турган тармактарга япон кесиптештеринин көңүлүн бурду.
Эки тараптуу талкуунун жүрүшүндө Кыргызстанда парламенттик демократиянын өнүгүшү, анын келип чыгуу тарыхы, парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоонун мындан аркы багыттары, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун Японияга боло турган расмий иш сапарынын мааниси туурасында кеңири сөз болду.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: