super.kg logo

Ош. ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкери 25 миң сом пара алып кармалды

 
Аудит боюнча адис Ш.А.Ж.
ИИМдин алдындагы Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймагындагы кызматкери, милициянын полковниги А.А.О.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 25 миң сом пара алып жаткан жеринен ИИМдин алдындагы Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймагындагы кызматкери жана "Аудит-эксперт" компаниясынын кызматкери 5 миң сом өлчөмүндө пара алып жатканда колго түшүрүлдү. Бул тууралуу 4-августта УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, ички иштер органдарынын кызматкери, милициянын полковниги А.А.О. "Т-А" ЖЧКысын текшерүүгө алууну айткан. Аудит боюнча адис Ш.А.Ж. текшерүүнү токтотууну убада кылып, "Т-А" ЖЧКнын аткаруучу директорунан 1000 доллар каражат сураган. Бул факты боюнча 25-июлда кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Азыркы тапта кармалгандар соттун чечими менен Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын тергөө абагына камалып, иликтөө иштери жүрүүдө. Сүрөтү жарыяланган кылмышка шектүүлөрдөн жабыркагандар көрсөтүлгөн телефондор аркылуу байланышса болот: (03222) 2-66-76, 5-55-11.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: