super.kg logo

Ош шаарында бруцеллёз оорусунун көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге азайган

 

Ош шаарында 2014-жылдын 6 ай аралыгында бруцеллёз оорусунун көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге азайды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Маалым болгондой, жыл башынан бери ооруга чалдыгып катталгандардын саны алтыны түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылда он төрттү түзгөн болчу. Ал эми бруцеллёз оорусун алдын алуу максатында 360 бейтаптын анализи серологиялык изилдөөдөн өткөрүлүп, алардын ичинен 91 Хеддельсон реакциясы жана 39 Райт реакциясы аркылуу аныкталды. Ошондой эле бруцеллёз оорусун алдын алуу боюнча 637 баш майда жандык эмделди.  Ошону менен катар кутурма оорусуна каршы эмдөө бөлүмүнө 394 адам иттен жана башка жаныбарлардан жабыркагандар кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: