Ош облустук өкүлчүлүгүнүн Билим берүү секторунун башчысы болуп Абдыкайып Кангелдиев дайындалды

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт секторунун башчысы болуп Абдыкайып Кангелдиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Буйрукка КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Буга чейин Абдыкайып Кангелдиев КРнын Президентинин Ош аймактык коомдук кабылдамасында башкы адис кызматын аркалап келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.