Алмазбек Атамбаев Кытайдагы адам өмүрүн алган жер титирөөгө байланыштуу Си Цзиньпинге көңүл айтты
Алмазбек Атамбаев Кытайдагы Юньнань провинциясында 3-август күнү адам өмүрүн алган жер титирөөгө байланыштуу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты.
Мамлекет башчы каза болгондордун жакын туугандарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтарын билдирди. Бул тууралуу 4-августта президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Кытайдын түштүк-батышындагы күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөөдөн 367 кишинин өмүрү кыйылып, 1800дөн ашууну жаракат алганы белгилүү болду. Ошондой эле 12 миңдей имарат кыйрап, электр зымдары үзүлүп, байланыш каражаттары иштебей калган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

