super.kg logo
  Саясат  

Эртең, 5-августта Аскар Акаевдин Кыргызстанга келиши күтүлүүдө

 

Эртең, 5-августта Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин Кыргызстанга келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Аскар Акаев бир тууган агасы Болот Акаевди жерге берүү зыйнатына катышуу үчүн келери айтылууда. Кыргыз авиакызматкерлеринин профсоюзунун ардактуу төрагасы, Кыргызстандын туңгуч президенти А.Акаевдин бир тууган агасы Болот Акаев 81 жашында дүйнө салды. Маркумдун сөөгү эртең "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Бүгүн, 4-августта ММКлар башкы прокурор Аида Салянованын "Аскар Акаев Кыргызстанга келсе, айрым кылмыш иштери боюнча көрсөтмө берет" дегенин жазып чыгышты.

"Аскар Акаевдин туугандары өтүп жаткан кылмыш иштери боюнча мурунку президентке Башкы прокуратурада жана укук коргоо органдарында суроолор бар. "Кумтөр" компаниясынын айланасындагы кылмыш иштери жана "Бител" компаниясын түзүүдөгү мамлекеттик үлүштүн бөлүнүшү боюнча иштер. Биз үчүн Аскар Акаевдин да көрсөтмөсү маанилүү",- деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев 2005-жылдагы революциядан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: