super.kg logo

Палестинанын Газа тилкесинен 4 кыргыз жараны чыгарылды

 

Палестинанын Газа тилкесинен 4 кыргыз жараны чыгарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 4-августта билдирди. Маалыматтарга караганда, Палестинанын Газа тилкесинен Кыргызстандын төрт жараны Египетке чыгарылган. Тактап айтканда, Ольга Багдади аттуу Кыргызстандын жараны палестиналык жаранга турмушка чыккан, кийин анын 3 баласы да кыргыз жарандыгын алышып, Газа тилкесинде жашап келишкен. Учурда О.Багдади 3 баласы жана палестиналык күйөөсү өз каалоолору менен Египетте баш калкалап жатышканы маалым болду.

Эске салсак, Газада "ХАМАС" кыймылынын куралдуу топторуна каршы Израилдин чабуулу 8-июлда башталган. Израиль өз аракетин палестиналык согушчандардын Израиль аймагына ракеталык чабуул койгону менен байланыштырууда. БУУнун маалыматы боюнча, Газа тилкесинде каза тапкандардын көбү карапайым жарандар. Жаңжал израилдик 3 өспүрүмдүн уурдалышынан кийин чыңалган. Учурда 1300гө жакын палестиналык жана 50дөн ашык Израиль жараны набыт болгону айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: