Эркингүл Иманкожоева: "Кытай алмаларына курт-кумурсканын генин кошуп өстүрөт, ошондуктан аларга курт түшпөйт"
Бүгүн ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинде ГМО (гендик модификацияланган организм) азык-түлүктөрү боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты. Мыйзам демилгечиси Эркингүл Иманкожоева мыйзамдын учурда зарыл болуп турганын белгилеп, элдин ден соолугу маанилүү экенин айтты. "ГМО азык-түлүктөрү себилген жерге экинчи жолу таза өсүмдүк өспөйт. Азыр Кыргызстанга аз өлчөмдө гана кирүүдө. Бара-бара бул нерсе кыргыз элинин саламаттыгына олуттуу зыян алып келиши мүмкүн. Мисалы, кытай алмаларын карайлы. Сыртынан карасаң абдан сонун, алар алманы өстүрүп жатканда ага курт-кумурсканын генин кошот. Өз гени кошулган мөмөнү курт жебейт",- деди. Бир катар суроолор айтылып, жыйынтыгында ГМО азык-түлүктөрүн Кыргызстанга алып кирүүгө чек коюу мыйзам долбоору колдоо тапты. Мыйзам эми палатага чыгарылат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
1

