"Бишкектеги соода борборунда уурулук кылган" деген шек менен Баткен облусунун тургуну кармалды
"Бишкектеги соода борборунда уурулук кылган" деген шек менен Баткен облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 4-августта кабарлады.
Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын Амина аттуу тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, соода борборундагы бутиктен белгисиз адамдар акчаларды уурдап кеткендигин кабарлаган. Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 28 жаштагы Заирдин аттуу тургуну кармалды. Иликтөөдө аталган жаран мурда да соода борборунан уурулукка барып жүргөндүгү ачыкталды. Тергөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.