super.kg logo

Жылнаама, 5-август: Мындан 156 жыл мурун Атлантика океанынын түбү аркылуу өткөрүлгөн телефон линиясы иштей баштаган

 
* Мындан 7 жыл мурун, 2007-жылы кыргыз калкынын куту эсептелген Таластагы Манастын Кароол дөбөсүнө байланышкан 2007-жылдын жай айында башталган казуу иштери коомчулуктун кескин нааразычылыгын жараткан. Айрым саясий партиялар менен коомдук уюмдар Кароол дөбөдөн эсепсиз казына издеген беймаалым адамдардын мындай "ишкердигин" кыргыз калкынын куту жана рух дөөлөтүнүн сыймыгы Манаска каршы жасалган вандалдык аракети катары баалашкан. "Манас-Ордону" коргоо кыймылы 5-август күнү казуу иштерине Президенттик администрациянын жооптуу кызматкерлери жана мамлекеттик жетекчилер катышып жаткандыгын белгилеп, президенттен "Манас-Ордонун" абалы менен таанышып кетүүнү талап кылышкан.
* Мындан 156 жыл мурун, 1858-жылы Британия менен АКШны кошкон телеграф кабели Атлантика океанынын астына төшөлгөн. Ханыша Виктория АКШ президенти Жейм Бьюкенен менен сүйлөшүп, бири-бирине алар мындан аркы ийгиликтерди каалай тургандыгын билдиришкен.
* Мындан 52 жыл мурун, 1962-жылы америкалык киноактриса жана ырчы, АКШнын секс-символу Мэрилин Монро (азан чакырылып коюлган аты – Норма Жин Бейкер) көз жумган. 
5-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: