Бишкектин Свердлов райондук казына бөлүмүнүн жетекчиси УКМК тарабынан кармалып, камакка алынды
"2010-жылы Бишкектин Свердлов районундук казына бөлүмүнүн жетекчиси С.Э. аттуу жаран мамлекеттик бюджеттен өз кызыкчылыгы үчүн 3 миллион сом пайдаланган" деген шек менен 2013-жылдын 16-январында кармалып, УМККнын СИЗОсуна камакка алынды. Бул тууралуу 21-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. УМККнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматкерлери Каржы министрлигинин каржы жана насыя тармагындагы коррупция иштерин изилдөө учурунда С.Энин аталган былык ишин табышкан. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.