super.kg logo

Сергей Цигельников: “7-апрелде "Форумда” милиция кызматкерлери токмоктолгондо Мурат Суталинов "ок чыгарбагыла" деп буйрук берген"

 

"2010-жылы 7-апрелде “Форум” имаратында токмоктолгон милиция кызматкерлерин билгенде да, УКМКнын экс-төрагасы Мурат Суталинов "ок чыгарбагыла" деп буйрук берген. Бул маалыматты бүгүн, 21-январда УКМКнын “Альфа” атайын кызматынын кызматкери Сергей Цигельников 2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча өтүп жаткан сотто билдирди. “Белгисиз себептер менен мени 12-майда электр-энергиясынын кымбатаганына, уюлдук телефондогу кошумча төлөмдөргө байланыштуу айыптар менен камашты. 7-апрель күнү эртең менен  “Альфанын” кол башчысы Алмазбек Жолдошалиевдин буйругу менен “Форумга” бардым, ал жерде токмоктолгон милиция кызматкерлерин көрдүм. Ошондо Мурат Суталинов "эч качан ок чыгарбагыла" деп буйрук берди”,- деп көрсөтмө берди Цигельников. “Алмазбек Жолдошалиевге Ак үйгө кирүүгө аракет кылып жаткан БТРди токтотуу тапшырмасы берилген, ошол кезде Ак үй жактан БТРди аткылады”,- деп кошумчалады ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: