super.kg logo

Мамлекеттик айыптоочулар “Альфа” атайын кызматтагы аскерлерине карата чыгарылган актоо өкүмүн кайра артка кайтарууну өтүнүшүүдө

 

Мамлекеттик айыптоочулар 7-апрель окуясы боюнча айыпталуучулардын арасындагы 3 адамга карата чыгарылган актоо өкүмүн артка кайтарууну өтүнүшүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 5-августта кабарлады.

Маалыматтарга ылайык, мамлекеттик айыптоочулар 2010-жылдагы 7-апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын арасындагы О.Ребенок, Р.Байтоков, С.Цигельников аттуу “Альфа” атайын кызматтагы аскерлерине карата чыгарылган актоо өкүмүн кайра артка кайтарууну өтүнүшүүдө. Себеби О.Ребенок менен Р.Байтоков атайын кызматтагы аскерлерди башкарып туруу менен Ж.Бакиевдин мыйзамсыз буйруктарын аткарып турушкандыгы сотто эске алынбай калгандыгын билдиришкен.

Ал эми С.Цигельников адамдар кандай зыян тартып каларын билип туруп, Мамлекеттик коргоо кызматынын жетекчисинин орун басары Данияр Дунгановдун буйругу менен митингчилерге карата РПГ-18 “Муха” куралы менен ок чыгарган.

2010-жылдын 7-апрелинде аянтта 77 адам каза тапкан. Аталган окуя боюнча сот иши 3,5 жылдан ашык убакытка созулуп, 2014-жылдын 25-июлунда соттук өкүм чыгарылып, мурда жооптуу кызматты ээлеп келген бир катар адамдар сот жообуна тартылышкан. Ал эми атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиев 6 жылга эркинен ажыратылса, "Альфа” атайын кызматынын жана Мамлекеттик күзөт кызматынын айыпталып жаткан аскерлери акталышкан болчу. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: