Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 3 миллиард метр кубга аз
Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 646 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылдын ушул мезгилинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 миллиард 941 миллион метр куб болгон.
Учурда суу сактагычка агып кирген суусунун көлөмү секундасына 429 метр кубду түзүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

бергиле озбектерге бергиле ашканы деле жетет бизге сууну сата бергиле
кыргыздар ундобойт жашай беришет эптеп тезек жагып