Жыл башынан бери Бишкек шаарында 70тен ашуун баш аламан таштанды таштоочу жерлер пайда болгон








Жыл башынан бери Бишкек шаарында 70тен ашуун баш аламан таштанды таштоочу жерлер пайда болгон. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 5-августта билдирди.
Маалыматка караганда, бир эле баш аламан таштанды ташталган жерди тазалоо үчүн 10 миң сомдон 20 миң сомго чейинки каражат сарпталат. Ошондой эле мындай жерлердин күндөн-күнгө өсүп жатканы айтылат. Албетте, мындай маселелерди коомчулук менен биргеликте чечүү зарыл. Бул максатта шаар бийлиги жарандык активисттер менен чогуу акция өткөзүшүп, таштанды ташталган аймактарга “Таштанды таштаба!” деп жазылган темир такталарды орнотушту. Шаар тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
ayakosya

05.08.2014. 15:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдыгерлик
shutUP

05.08.2014. 15:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түлеевди кайтаргыла!
jaina

05.08.2014. 15:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында биздин үй жактагы көчөдө жакшынакай турган урналарды алып салышты. Аны неге алып салышты, түшүнбөй калдым. Ошол жер азыр акыр-чикирге толуп сасып турат(((, Жийиркеничтүү.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.