super.kg logo

Орусияда Азиз Батукаевге козголгон кылмыш ишинен улам ал Кыргызстанга кайтарылбайт

 

Орусиянын Чеченстан Республикасында Азиз Батукаев “курал-жаракты мыйзамсыз алуу, сактоо жана сатуу” беренесинин негизиндеги кылмыш иши боюнча айыпталып жаткандыктан, аны Кыргызстанга алып келүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган мекеме “мыйзамдагы ууру” А.Батукаевди Кыргызстанга экстрадициялоо максатында Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. “А.Батукаев ага карата аталган кылмыш иши боюнча соттук өкүм чыгып, ал тиешелүү жазаны өтөп чыкмайынча экстрадицияланбайт”,- деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, "мыйзамдагы ууру" атыккан 48 жаштагы Азиз Батукаевди 2013-жылдын 9-апрелинде Нарындагы №4-абактан кандын рак илдетине чалдыккандыгы тууралуу медициналык корутундуга таянып бошотушкан. Ошол эле күнү ал туугандары менен Грозныйга учуп кеткен. Бул факты боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

“А.Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар” делинген саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, ИИМдин башчысы Абдулда Суранчиев, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Эрлан Сапарбаевди жоопкерчиликке тартууну аталган комиссия сунуштаган. 

Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча коомчулукта кызуу талкуу жүрүп, күнөөлүүлөр изделип жаткан кезде ошол учурдагы КРнын Вице-премьер-министри Шамиль Атаханов өз каалоосу менен арыз жазып, отставкага кеткен. Ушул эле окуяга катыштыгы бар деп айтылып жаткан акыйкатчы Турсунбек Акун боюнча ЖК өткөн жылы 27-июнда токтом кабыл алып, ал кызматынан четтетилген. 2014-жылдын 23-майында Азиз Батукаевге издөө жарыяланган. Бир айдан кийин, 30-июнда ал Орусия Федерациясынын курамындагы Чеченстан Республикасында колго түшүрүлгөндүгү тууралуу маалыматтар тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
05.08.2014. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жакшы ошол жакта не болсо ошол болуп журо берсин бизге келген Менен биздикилердин колунан келбейт аны камаш !!!!
05.08.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жашай берсин тынч эле! Кыргызга тийишпей! Жакшы сый менен узаттык ! Унутпасын!
05.08.2014. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эмне кереги бар "жомоктун"... кайра апкелvv бойунча сvйл8шvvл8рдv жvргvзvп жатышат имиш... мишш...
05.08.2014. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камаш биздин деле колдон келет. Просто биз меймандос кенпейил кек сактабаган калкбыз. Канчасынын кулагын кессе да биз куноосун кечип жибердик. Муну болсо айколдук дейт.
05.08.2014. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азизти кармашпай эле ал озу атайылап эле турмого тушту,анткени ал россияда озунун бийлигин орнотуш керек.Коп болсо 1жыл олтурат.Азыр россияда коптогон ворлор чекеден атылып,сабалып жатат.Россиянын крим чойросун колго алып алгандан кийин Азизке бардыгы по барабану болуп калат.Так что кыргыз МВД,прокуратура УКМК силер 100 жылда да алып келе албайсынар,бул жасалып жаткан нерселердин баары сценарий менн болуп жатат,алдын ала пландалып.
05.08.2014. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир чети анын Кыргызстандан алыс эле жургону жакшы.бирок,кыргыздын жигиттерин кордук менен олтургондугу учун,отоо катуу жаза алышын каалайт эле,ал жазаны бериш биздин бийликтин колунан келбейт.
05.08.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
батукаевди бошоткондордун кимиси жазаланды,эч кимди камап салышкан жок,буттугу эч нерсе коргон жок,билген жок.салянова таптакыр дулой болуп калган.Акыры алдары Турсунбек Акунга жетип,жумуштан бошотуп коюшту.Бул тууралуу бир дагы соттолгон кишини уккан жокмун.
05.08.2014. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
LISICHKA, кыргыз тилинде буттугу деген соз жок.кыргыз тилин бурмалагандан алыс бололу.
06.08.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
samidinova84, бул бурмалоо эмес, бул диалектика.
06.08.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samidinova84, кыргыз создоруно канчалык бай экенинди корсотуп койдун.
05.08.2014. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ммм.элди ушинтип алдасак боло берет дешкени да,чондор актанбасада болот элдин козу бардык нерсеге жетип калган учуру.Бийликке кайсы адамды койсок адашбайт экенбиз,жалан тусун озгортуучу хамолеондор.
05.08.2014. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оздору коркуп жатат алып барыштан айрыкча айида
06.08.2014. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маскарапоз эле болуп кетишти го...........озулору кое берип алып кайра артынан издеп. Алып келип алып не кылмак эле? Кое берет да кайра эле акчасын алгандан кийин.
06.08.2014. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жомокту бизге айтып жатышабы же жаш балдаргабы?Мен андай мыйзам бар экенин укпаптырмын.созсуз бериши шарт болчу.кыргызстанды атуулубу.бериши керек эле.Озулору кызыл жол менен узатышып анан кайра алып келмек беле.ха хааааа.прикол бизге.биздин бийлик далдырап эмне кылганын да билбей калды.бакиевти озулору качырып анан издоо жарыялап койду.эми батукаевди качырып дагы издоо жарыялап койду. Башка мамлекет угуп эмне деп ойлонуп жатат болду экен деймда
06.08.2014. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: