super.kg logo
  Саясат  

Дем берүүчү гранттар боюнча республикалык бюджеттен 2014-жылдын 7 айында 69,7 миллион сом бөлүндү

 
2014-жылдын январь-июль айларында дем берүүчү гранттар боюнча республикалык бюджеттен 138 долбоорго 69,7 миллион сомго каржылоо жүргүзүлдү. Анын ичинен 16,5 миллион сомго 70 долбоор толугу менен ишке ашырылды. Бул тууралуу 5-августта Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоорлорго каралган каражаттар, анын өзгөчөлүгүнө жана суммасына жараша бир канча этап менен бөлүнүп берилет. Анткени долбоорлорду аткаруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары каржылоонун кийинки этабы үчүн долбоордун аткарылып жаткандыгы боюнча отчётторун берүүгө тийиш.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын бюджетинде дем берүүчү гранттар аркылуу долбоорлорду каржылоого 400 миллион сом каралган.    

Жогоруда аталган каражаттар 138 объект долбоорлоруна төмөнкү категориялар боюнча бөлүштүрүлдү:    

Категориялар

2014-жылдын 1-августуна карата 

Объектилердин саны

Бөлүнгөн каражаттар (миллион сом)

1

Мектептер

70

36888,1

2

Балдар бакчасы

25

13254,6

3

Маданий маанидеги объектилер

8

3780,2

4

Спорт объектилери

10

4997,0

5

Саламаттыкты сактоо объектилери

3

1846,6

6

Инженердик-байланыш инфраструктураларынын объектилери

11

3340,5

7

Административдик маанидеги жана башка объектилер

11

5604,7

 

Бардыгы

138

69 711,7






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: