Жоомарт Оторбаев: “Быйылкы бюджеттин кирешелери 2007-жылга салыштырмалуу 3 эсе өстү”
“2014-жылдагы бюджеттин кирешелери 2007-жылга салыштырмалуу 3 эсе өстү”,- деди бүгүн, 6-августта “Республикалык бюджеттин 2015-2017-жылдарга болжолу” боюнча коомдук угуулардын жүрүшүндө КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев.
Анын айтымында, 2007-жылы кирешелердин көлөмү 31 миллиард сомду түзгөн. Ал эми 2014-жылдын бул көрсөткүчү 93,5 миллиард сомду түзүүдө. “2015-жылы айрым тармактарга кошумча чыгашалар каралууда. Мисалы, Социалдык фондго 2 миллиард сом сурап жатышат. Коопсуздукка 5 миллиард сом кошумча каражат табыш керек”,- деди өкмөт башчы.
Мындан тышкары ал 2015-2017-жылдарга республикалык бюджетти 27-августка чейин бекитип, сентябрда Жогорку Кеңешке жөнөтүү керектигин баса белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2026-02-24
15:55
2026-02-24
15:08
2026-02-24
14:30
2026-02-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















