2015-жылы чыгашалардын көлөмү 131,5 миллиард сомду түзсө, 2017-жылы 155,4 миллиард сомду түзөт
2015-жылы КРнын мамлекеттик бюджетинин жалпы чыгашаларынын көлөмү 131,5 миллиард сомду, 2016-жылы 142,5 миллиард сомду, 2017-жылы 155,4 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Каржы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын башчысы Канат Асангулов билдирди.
Анын айтымында, орточо мөөнөттүү келечекте инвестициялык түзүүчүлөрдүн – капиталдык чыгашалардын үлүштөрүн андан ары көбөйтүүгө багытталган мамлекеттик бюджеттин чыгашалар саясатын ички капиталдык салымдардын эсебинен чечүү сунушталат. “Бул максатта 2015-2017-жылдарда мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын өсүшүн бюджетти өнүктүрүүгө багыттоо зарыл”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

