Канат Асангулов: "Быйыл бюджеттин таңсыктыгы 9,4 миллиард сомду түзүүдө"
Бүгүн, 6-августта “2015-жылга республикалык бюджеттин жана 2015-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун коомдук талкуулоодо КРнын Каржы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын башчысы Канат Асангулов: “2014-жылдын бюджетинин таңсыктыгы 9,4 миллиард сомду түзүүдө”,- деп билдирди.
Анын айтымында, орточо мөөнөттүү мезгилде бюджеттин тартыштыгы ички дүң продукцияга (ИДП) карата пайыздык катышта 2015-жылы 3,2 пайыздан 2016-жылы ИДПга карата 2,5 пайызга жана 2017-жылы ИДПга карата 2,1 пайызга чейин азаят. “Мындай тенденция орточо мөөнөттүү мезгилде бюджеттик-салыктык саясаттын жана 2013-2017-жылдардагы мезгилге КРны туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттарына ылайык келет”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
0

