Таалайбек Айдаралиев: "Жер семирткич өндүрүүчү ишкананы курсак, айыл чарба тармагы бюджетке чоң кирешелерди түшүрө баштайт"
Бүгүн, 6-августта “2015-жылга республикалык бюджеттин жана 2015-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун коомдук талкуулоодо КРнын Айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев: "Кыргызстанда жер семирткич өндүрүүчү ишкана куруш керек",- деди.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, өлкө көз карандысыздык алгандан бери жер семирткичтин 1 килограммынын баасы 20 сомдон төмөндөбөй келүүдө. "Дыйкандар үчүн мындай баа кымбат. Бирок алар айласыздан сатып алышууда. Эгер жер семирткич өндүрүүчү ишкананы курсак, жер семирткичтин баасы 4 эсе арзандап, айыл чарба тармагы республиканын бюджетине чоң кирешелерди алып келе баштайт",- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:03
2026-02-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















