Кошумча салыктын киришинен улам "Неман-Фарм" дарыканалар тармагы пенсионерлер үчүн каралган 5 пайыздык жеңилдикти жоюп салды
Бишкек шаарындагы “Неман-фарм” дарыканалар тармагы пенсия курагындагы адамдарга каралган 5 пайыздык жеңилдикти жоюп салды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда өткөн маалымат жыйында аталган компаниянын медициналык-техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Урмат Жумашев билдирди. "Кайсы дарыларга карата кошумча нарк салыгы киргизиле турганын билбейбиз. Азырынча өзүбүзгө чыгым алып келбесин деген максатта пенсионерлер үчүн жеңилдиктерден баш тартууга туура келди”,- дейт Жумашев. Эскерте кетсек, Салык кодексине киргизилген өзгөртүүгө ылайык, 1-январдан тарта дарыларга 12 пайыздык кошумча нарк салыгын киргизүү каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















