super.kg logo

Бишкектеги карылар үйүндө эки аксакал ачкачылыкты токтотуп, өз бөлмөлөрүндө жашап жатышат

 
Алтымыш Курманалиев
Кален Төрөгелдиев
Эркингүл Абдылдаева: "Курманалиев менен Төрөгелдиев бир-эки күндөн кийин эле акциясын токтотушкан. Учурда карылар үйүнүн башка жашоочулары сыяктуу өз бөлмөлөрүндө жакшынакай, ынтымактуу жашап жатышат".
Бишкектеги №72-карылар үйүнүн жетекчиси Эркингүл Абдылдаева

Бишкектеги №72-карылар үйүндө жашаган Алтымыш Курманалиев менен Кален Төрөгелдиев аттуу аксакалдар ачкачылык жарыялоону токтотушкан. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта SUPER.KG порталына карылар үйүнүн жетекчиси Эркингүл Абдылдаева билдирди.

Айтымында, 24-июлда ачкачылык жарыялаган аксакалдар өз бөлмөлөрүндө тамак ичип, мурдагыдай эле жашоолорун улантып жатышат.

Курманалиев менен Төрөгелдиев бир-эки күндөн кийин эле акциясын токтотушкан. Учурда карылар үйүнүн башка жашоочулары сыяктуу өз бөлмөлөрүндө жакшынакай, ынтымактуу жашап жатышат. Бүгүн муфтияттан аларга битир-садаганын эсебинен 500 сомдон акчалай жардам берилди",- деди Абдылдаева.

Мекеме жетекчиси битир-садага 500 сомдон карылар үйүнүн 20 жашоочусуна берилгенин кошумчалады.  

Эскерте кетсек, Алтымыш Курманалиев менен Кален Төрөгелдиев мекеме жетекчиси Абдылдаева бизди куугунтуктап, басынтып жатат жана намазкананын ачкычын эки жылдан бери бербей келүүдө” деп ачкачылык жарыялашкан болчу.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.08.2014. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
500 сом азыр акчабы,ал эмнеге жетет,жаш баланы алдагандай алдап коюшуптур да,20 кишиге берсе,калганы жалдырап калыптыр да байкуштар.
07.08.2014. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyn ele kalgandaryna emneuchun berishken jok?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: