Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого бюджеттен 230 миллион сом каралды
2015-жылдын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча чыгашаларына 314,2 миллион сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта “2015-жылга республикалык бюджеттин жана 2015-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун коомдук талкуулоодо КРнын Каржы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын башчысы Канат Асангулов билдирди.
"2015-жылга болгон көрсөткүч быйылкыга салыштырмалуу 2,3 эсе көбүрөөк, анткени кийинки жылы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт. Бул шайлоого 230 миллион сом каралган",- деди ал.
Айта кетсек, аталган мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш келе жаткан сентябрда кабыл алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

