Билим берүү тармагына кийинки жылга бюджеттен 20 миллиард сом каралды
2015-жылга билим берүү тармагына бюджеттен 20 миллиард сом каралды. Бул тууралуу маалымат КРнын Каржы министрлигинин “2015-жылга республикалык бюджеттин жана 2015-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорунда жазылган.
Ага таянсак, быйылкы жылдын планындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 2015-жылдыкы 1 миллиард 303 миллион сомго көбөйтүлгөн. Бюджеттин чыгашаларынын көлөмүнүн жогорулатышына райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жана министрликтин аппаратынын кызматкерлеринин маяналарынын көйбөйтүлүшү себеп болгон.
Айта кетсек, республика боюнча 80 миң бала барган 810 мектепке чейинки мекеме, 2204 мектеп (1 миллион окуучу), 132 орто кесиптик окуу жай (83,3 миң студент) жана 52 жогорку окуу жай (231,6 миң студент) бар. Аталган мекемелерде жалпысынан 102 798 кызматкер иштейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
edu.kg

06.08.2014. 20:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жеп жутаарлар охх деп алакандарын чаап алышкандыр..
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.