Кудайберген Базарбаев: “Мигранттар чет өлкөдө эмгектенип, мекенине келгенде иштебей коюшууда”
“Кыргызстандык мигранттар чет өлкөдө тынбай эмгектенип, мекенине келгенде иштебей коюшууда”,- деди бүгүн, 7-августта КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев.
“Алар чет өлкөдө күнү-түнү эмгектенип, ата-энелерине жана балдарына акча каражат жөнөтүшөт. Бирок мекенине келгенде кандайдыр бир шылтоо таап иштебей, достору менен эс алып жүрө беришет. Бул миграциянын терс жагы. Эгер алар мекенинде чет өлкөдөгүдөй эмгектенишсе, Кыргызстан оңолуп кетмек. Ошондуктан ийгиликке жетишкен мигранттар мекендештерине эмгектенүүнү сүйүүгө үйрөтүшү керек”,- деди Базарбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Кимдир бирөөнү кемсинтип, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.