Бишкекте таксист айым унаасы менен досун сүйрөп, жол кырсыгына кабылды

Бишкекте таксист айым унаасы менен досун сүйрөп, жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-августта билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен интернет тармактарында видео пайда болгон. Анда таксист унаасы менен Жибек Жолу-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде бир адамды сүйрөп баратканы жана Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен жол кырсыгына кабылганы көрсөтүлгөн.
Бул боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрылганыбызда алар төмөнкүлөргө токтолушту:
“Унаанын ээси айым болгон. Ал Бишкек шаарында таксист болуп иштечү. Ошол күнү дос баласы менен тамашалашып отуруп, аны унаасы менен бир канча метр аралыкка сүйрөп барган. Кийин Исанов көчөсүнөн дос баласын түшүрүп, Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде тормозу иштебей калып жол кырсыгына кабылган. Таксист айым келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон”.
14 жаштагы кыз досун 20 метр сүйрөп, 3 унааны сүздү


Эгер сиз мобилдик телефон аркылуу кирип жатсаңыз, башка браузер менен кирип көрсөңүз. Башка видеолор көргөзүп жатабы? Ушул суроого жоопту жана башка суроолоруңуз болсо купуя кат аркылуу кайрылсаңыз.
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!