super.kg logo

Ажыга барууда авиациялык маселелер жаралууда

 

Ажыга барууда авиациялык маселелер жаралууда. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев билдирди. Анын айтымында, ажыга жарандарды жеткирүүнү "Флай Дубай" авиакомпаниясы сынактын негизинде өз мойнуна алган. Ал эки тараптуу билет менен 1300 доллардан алып бармай болгон. Кийин Сауд Арабиясынын жарандык авиациясынан биздин мамлекеттин жарандык авиациясына кат келген. Алар февраль айындагы катка жооп берүүнү өтүнүшүп, "Флай Нас" коммерциялык компаниясы менен иштешсе жакшы болорун айтышкан. Ал эми биздин жарандык авиация эч кандай кат келбегендигин айтты, ошондой эле "Флай Дубай" менен иштешкени жатканыбызды билгенде Сауд Арабиясынын жарандык авиациясы түз эмес, башка шаар аркылуу, маселен, Дубай аркылуу жеткирүү болбостугун билдиришкен. Бул жерде авиациялык маселелер чыккан.

"Дубай аркылуу жеткирүү арзан, 1300 доллар, ал эми түз жеткирүү 1500 доллардан ашыгыраак болуп кетет экен. Буга чейин биздин ажыга барган адамдарыбызды ташыган авиакомпания быйыл "кара тизмеге" кирип калып, сынак менен тандаганбыз. Бирок Сауд Арабиясынын жарандык авиациясы "Флай Нас" коммерциялык авиакомпаниясын сунуштап жатат. Ал эми "Флай Дубай" өзүбүз алып барабыз дешүүдө. А бирок Сауд Арабиясынын жарандык авиациясы "Флай Дубайдын" Дубай аркылуу жарандарды Меккеге ташуусуна каршы болуп жатат. 

Учурда аталган маселе боюнча жакын арада Сауд Арабиясына жөнөгөнү жатабыз. Өз кезегибизде биз же "Флай Дубайга" бергиле, же "Флай Настын" баасын 1300 доллардан кылгыла деген шартты коёбуз",- деди муфтий журналисттер менен жолугушуусунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
07.08.2014. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин ата-Энем да ажылык сапарга аттанууда эле,Аман эсен барып келишсин ,Жана ажылык сапары кабыл болсун башка аттануучулар да ылаайым ай барып Аман кайтышсын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: