super.kg logo
  Спорт  

Ноокат районунда Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан көк бөрү оюну болуп өттү

 

19-январь күнү Ош облусунун Ноокат районунда улуттук оюндарды колдоо жана жайылтуу максатында Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары катышкан көк бөрү оюну болуп өттү. Көк бөрүгө жалпысынан 1200дөй улакчы катышты. Депутаттар Ахматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Акылбек Эшимов, Нурбек Мурашов, Нурбек Алымбеков, Назарали Арипов, Малик Осмонов, Абдыжапар Бекматов жана Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, анын орун басары Давлет Алымбеков улак тартышты. Айта кетсек, мелдештин байге фонду 1,5 миллион сомду түзүп, баш байгени Ноокат районунун көк бөрүчүсү Абдулазиз Көкүшев утуп алды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: