Бишкектеги жол кырсыгында 14 жаштагы кыз пикир келишпестиктен улам таксист жигитин сүйрөп кеткени аныкталды

Буга чейин Бишкекте таксист айымдын унаасы менен досун сүйрөп, жол кырсыгына кабылганы айтылган эле. Бирок такталган маалыматтарга караганда, жол кырсыгына кабылган жаран таксист айым эмес эле, 14 жаштагы кыз экени аныкталды. Муну 7-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы да тастыктады.
Маалыматка караганда, 14 жаштагы кыз 6-август күнү эртең менен 1986-жылы туулган сүйлөшкөн жигити менен уруша кеткен. Андан соң жигитинин унаасына отуруп, аны айдап жөнөгөн. Аны токтотууга аракет кылган жигити унаанын алдынкы эшигине жабышып алып бир канча метрге чейин сүйрөлүп барган.
14 жаштагы кыз досун 20 метр сүйрөп, 3 унааны сүздү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
2

2) 86-жылкы бала акыл-эси бар экен, ырас такси айдап нан таап оокат кылса. Тообо. Бул кылыгын тушунгум келбейтат.
3) Адамдар коом эмне болуп жатат?!?
жигитти 20- жашымда билсем керек.
Эх ошо биздин бала кез, азыр да чоңдордун жашоосуна неге шаштым дейм
14 жаштагы кыз 8 класстын окуучусу болуп калабы ошондо. УУУУЖАС! Мындай корунуштор кайталанбаш учун, бул кызды жигитин кошуп, бир-эки айга темир торго жабып салыш керек! Они опасны для общества!
1. Taksıst ayım degenınız tuura emes antkenı kız taksıst emes anın jıgıt taksıst al anın unaasın aydap ketken
2. 14 jashar kız ayım dep aytılbayt ospurum kız
3.kabardı oto tushunuksuz bash alaman jazgansız
3.
Кабардын башында "таксист айымдын унаасы менен досун сүйрөп, жол кырсыгына кабылганы айтылган эле" деп жазылып турат. Кийин маалымат такталып, жол кырсыкта 14 жаштагы кыз пикир келишпестиктен улам таксист жигитин сүйрөп кеткени аныкталган.
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!