super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Ысык-Көлдөгү эл аралык спорттук оюндарга Казакстан, Орусия жана Азербайжан катышуу ниетин билдирди

 
Ысык-Көлдө 4-12-сентябрь күндөрү өтө турган XIV Эл аралык спорттук оюндарына Казакстан, Орусия жана Азербайжан өлкөлөрү катышуу ниетин билдиришти. Ошондой эле Беларусь жана Тажикстандын спортчулары да катышары күтүлүүдө. Аталган эл аралык оюндар "Азия - кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы" деген ураандын астында өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. 
Агенттиктин директору Кадырбек Эргешовдун айтымында, иш-чара мамлекеттик бюджеттин көмөгүсүз өткөрүлүүдө. Улуттук оюндарды жайылтуу максатында программага жамбы атмай, кум үстүндөгү күрөш, эр эңиш, кыргыз күрөш сыяктуу оюндар киргизилди. Эл аралык спорттук оюндардын салтанаттуу ачылышы 9-сентябрь күнү орун алат. Жалпысынан спорттун 18 түрү (волейбол, кум жээктеги волейбол, кум үстүндөгү күрөш, гиря көтөрүү, жеңил атлетика, кичи футбол, кум жээктеги футбол, стол үстүндөгү теннис, сууда сүзүү, аркан тартмай, армрестлинг, дартс) боюнча өткөрүлөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.08.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай Жакшы аябай кызыктуу болсо Керек!!!!
08.08.2014. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонунго интернетке чыгабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: