super.kg logo

Баткенде дыйкандарга төө буурчакты өстүрүү боюнча семинар өттү

 
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылында төө буурчак өстүрүү боюнча дыйкандар үчүн семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Кызыл-Кыя мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ага Араван, Кадамжай, Ноокат райондорунан 60тан ашуун дыйкандар жана айыл чарба жетекчилери катышышты. Семинарда төө буурчактын 10 сорту себилген жерлер көрсөтүлдү. Анда эксперименттин жүрүшүндө алынган жыйынтык дыйкандарга төө буурчакты көп өндүрүүгө жардам берери маалым болду.
Семинарга катышкан Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абиш Халмурзаев: «Биздин жерлерге чоң көлөмдө биринчи жолу төө буурчак өстүрүлүүдө. Мурдатан бери бизде кээ бир адамдар төө буурчакты өздөрү үчүн өстүрүп келишкен. Ал эми чоң көлөмдө өстүрүү тажрыйбасы жок болчу»,- деди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: