Талас эли өкмөт башчы менен жолугушууда Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу маселесин көтөрүштү



Бүгүн, 8-августта КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сасык-Булак айылынын тургундары менен жолугушууда.
Биринчи суроо катары Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевди экстрадициялоо боюнча маселе коюлду. “К.Бакиевди Кыргызстанга алып келүү боюнча өкмөт иш жүргүзүп жатат. Биз Беларустун бийлигине бир нече жолу кат жөнөткөнбүз, бирок жооп келбей жатат”,- деди Ж.Оторбаев.
Мындан тышкары тургундар жол оңдоо маселесин да көтөрүштү. Буга облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева: “Жол оңдоо иштерине жакында тендер жарыяланып, кийинки жылдын жаз астында 26 чакырым жол асфальтталат”,- деп жооп берди.
Андан соң төрөт үйлөрүндө болгон коррупция маселеси да көтөрүлдү. “Биздин келиндердин төрөтү үчүн медициналык кызматкерлер 8 миң сом талап кылышууда”,- деп арызданды жергиликтүү тургун. Буга премьер-министр: “Өлкөбүздө медиктердин маянасы төмөн. Ошондуктан кошумча төлөөнү киргиздик: бир бөлүгүн өкмөт төлөп берет, калган бөлүгүн кардар төлөп берет. Эгер кызматкер акча каражатты талап кылса, анда ал жоопкерчиликке тартылат”,- деди.

Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
adiletaltynbek, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
kuno jok deibiz Askarda
Shyltaibyz Aidar, Mairamgaa
Ezelten biylik taajy tak
Berilgen jalgyz adamga
Ishenip bergen biilkti
Bildirgen katyn balaga
Oyunchuk kylgan handykty
Men naarazy bolom agana
El tagdyry baalangan
yiyk jer handyn taktysy
Oshol jerden chechilet
Jalpy jurttun baktysy
Korungon bilip kirgendei
Bazardyn oozu baa bolot
Baa bychyp Pulga nark koyup
Korungon adam toptolot
Handyktyn d