Таласта премьер-министр көлөкөдө отургандыгы үчүн тургундардан кечирим сурады





Бүгүн, 8-августта КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп жатат.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Алгач көлөкөдө отурган премьер-министр күндүн ысыгына карабай жолугушууга келген жарандардан кечирим сурап: "Силер күндө турасыңар, биз болсо көлөкөдө отурабыз. Биз да силерге жакындап, күнгө жылалы",- дегенине тургундар макул болушкан жок.
Экономиканы өнүктүрүүдө тоо-кен тармагында алгылыктуу иштер жүргүзүлүшү керектигин белгилеп: "6-7 жыл мурун монгол эли кыргыздардай жашачу. Бүгүнкү күндө Монголиянын кирешелери жогорулап, экономикасы жакшы өсүш көрсөтүүдө. Тоо-кен тармагы жакшы иштетилип жаткандыктан, жыл сайын алардагы экономикалык өсүштүн деңгээли болжол менен 12-20 пайыз, бизде 4,1 пайызга өсүү болууда. Ошондуктан Монголияны биздин өлкө үчүн үлгү катары карап жатабыз",- деди Оторбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
2

