super.kg logo

Жол эрежелерин бузгандарга айып пул жогорулатылды. Карапайым эл нааразы, чиновниктер дале кызматына чиренишүүдө

 
Жол-кайгуул кызматкери Жаркынбек Жусупбеков
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери Олжобай Казабаев

Ушул жылдын 8-августунан баштап Кыргызстанда жол эрежелерин бузууга болгон айып пулдардын өлчөмү жогорулатылды.

Аталган мыйзам күчүнө кирген алгачкы күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматы менен биргеликте рейдге чыктык.

Тактап айтканда, Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери Жаркынбек Жусупбеков жана Бакыт Карамурзаевдин Москва жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежелеринин сакталышына көзөмөл кылуусуна байкоо салып келдик.

Айдоочулар нааразы

Чынында, айдоочулардын көпчүлүгү айып пулдардын жогорулатылгандыгы тууралуу кабардар болгону менен, бул өзгөрүүгө нааразы экендиктерин билгизип жатышты.

Аты-жөнүн атабоону туура көргөн айдоочу: “Бул жогорулатуу коррупциянын өнүгүшүнө эле жол ачат. Карапайым калктын жонунан кайыш тилмей аракети. Адегенде мамлекет, чиновниктер кирешени, айлык акыны көтөрүп, анан айып пулдарын жогорулатса болмок. Эч бир шарт түзүшпөйт. Жөнөкөй мисал, туура эмес токтотууга (парковка) 1000 сом айып экен. Унаа токтотууга аз эле орун каралган. Батпай каласың, анан кайда токтотобуз? Биринчи ошол орундарды даярдап туруп, анан айып коюшпайбы?!”- деген оюн билдирди.

Бул тууралуу ЖККнын кызматкери Жаркынбек Жусупбековдон сураганыбызда: “Унааны туура токтотсо болот. Бирок элибиз жалкообу, билбейм, дал ошол жумушу бар имараттын же бир башка мекеменин, аялдаманын тушуна келип токтотуп салышат. Унаа коюучу жайга, орундарга токтотуп, басып келсе деле болот да. Мисалы, Москва көчөсүндөгү аялдамага токтотушат, ал жерде акча алмаштыруучу жайлар бар эмеспи. А Бөкөнбаев көчөсүндө унаа токтото турган орундар бош эле турат. 50-100 метр аралыкка жөө деле басып келе койсо болот го”,- деди.

Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери иш алып барып жаткан учурда айдоочулардын көпчүлүгү аларга карата “түшүнүп койчу эми” деген сөздөрдү көп колдонушары байкалды. Жолдо унаа менен жүрүүдө мыйзам эмес, “кыргызчылык” көбүрөөк үстөмдүк кылгандай. Ал эми Жол-кайгуул кызматкерлери мыйзам чегинде протокол түзүп баштаганда айдоочулардын сөгүнүп, ар кандай жаман сөздөрдү айта бериши кадимки көрүнүшкө айланыптыр.

ЖКК кызматкери Бакыт Карамурзаев буларды кошумчалады: “Кээ бир айдоочулар түшүнүү менен кабыл алышат, айрымдары өздөрүнүкүн беришпейт. Чоң эле эжелерге түшүндүрүп жатсаң, сотко берем, тигиге айтам, буга айтам деп башташат. Өздөрү эрежени бузушат, анан мыйзамдуу чарага көнүшпөйт”.

Кызматына чиренгендерге айып пулдун жогорулашы кандай таасир этет?

Чынында, сырттан көз салып турган адамга жарандарыбыздын айдоочулук маданияты абдан эле төмөн экендиги байкалат. Маселен, ЖККнын аталган эки кызматкери аялдамага токтогон унааларга эскертүү берип, токтобоону буюргандан кийин эле бөлөк айдоочулар аялдамага заматта толуп калып жатышты. Ал эми мыйзамдуу түрдө протоколдор толтурулуп, айып пул салынганда айдоочулук күбөлүктөрүн бербей, телефон аркылуу бирөөгө чалып, жогору жактагы адамдарга чиренгендер чыгат экен. Буга катар ошол эле укук коргоо органдарындагы мамлекеттик кызматтагы адамдар жол эрежелерин көбүрөөк бузары байкалды. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери Олжобай Казабаев төмөндөгүдөй ою менен бөлүштү: “Ал ачуу чындык. Укук коргоо органдарынын, мамлекеттик кызматтагы адамдардын күбөлүк көрсөтүп, же болбосо “свои” деп коюп жол эрежелерин буза бермей фактылары көп катталат. Бирок мыйзам алдында бардыгыбыз бирдейбиз да. Айып пулдарды жогорулатуунун негизги максаты жол эрежелерин бузууну азайтуу болуп эсептелет. Бирок кызматына чиренип же органдан экенин айта берсе, мыйзамдар карапайым калкка эле иштеп калат. Андыктан жанагы “крыша” болгондорго, кызматына таянгандарга коомчулук жапа тырмак күрөшүшү керек”.

Акырында айып пулдардын жогорулатылышы карапайым калкты эле кыйнамайга салган кезектеги мыйзам экендиги белгилүү болуп калгандай. Себеби мыйзам сакчылары: ошол эле милиция, УКМК, прокуратура кызматкерлери, чиновниктер, депутаттар өздөрү баш болуп мыйзамды аттап өтүп, кызматына салып мыйзамдуу жоопкерчиликтен кутула беришчүдөй.

Дегеле жолдо жүрүүдө, коомчулукта жетиштүү тарбия, жоопкерчилик, мамлекетти, элди, бири-бирин сыйлоо сезимдеринин жок экендиги ачык көрүнөт. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн айып салуу, айып пулду жогорулатуу аздык кылгандай туюлат.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(27)
08.08.2014. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тупизм чынында эле.. кыйналган баягы эле карапайым эл.. чынында эле кичине условия тузуп анан айып пулду которсо болмок.. Эптеп эле акча жемей болуп калды.
08.08.2014. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчиден, органда иштегендер озунорду карап ондосонор болмок, силер встречкага чыгып, ремень тагынбай, ичип алып эле айдап журосунор го. Экинчиден, карапайым эл мамлекеттен акча сурабай эле озунун арабасын озу тартып келе жатат го, шартты тузуп, жумуш таап берип, акчаларын кобойтуп анан ушундай мыйзамдарды чыгарсанар болмок урматтуу акылдуу биздин чиновниктер, же 1 кунго карапайым кишинин уйуно келип ичкенин ичип жашап корбойсунорбу. Конулунор айланып, кускунар келип кетет болуш керек.
kulik түзөттү 08.08.2014 18:22
08.08.2014. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
МАИчилердин куну туулган го эми. Бир нерсе десен эле приказ бар деп чиренип чыгышат экенда. Ансыз деле жей берип жарылайын дегендери канча...
08.08.2014. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл не дешин да билбей калды! Биринчиден биздин жолдор талапка жооп берет бекен? Жок албетте... эми ким бай ГАИчилер. Бийликтегилер карапайым элдин канын соро турган болуштуго. Газ жок жакында свет м.н да камсыз боло албай калышыбыз мумкун экен уялбай озулору айтты. Иши кылып бийликтегилерге соз жок акмактарга
08.08.2014. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанга барып ГАИге ишке кирем эми....шапкасы канча болду экен.
12.08.2014. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dadin1, 2мин жашыл ыргытсан болду сен МАИ болосун бирок албетте сенде диплом.
08.08.2014. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карапайым эл азыркы бийликтегилерди жаттап калгыла! Дагы тонкоруш болсо президетти гана эмес ушугуларды кошо кууп чыгыш керек. А то кайр эле бийлике келип алышат экен. Элдин артынан байып бутушту. Туйшук тарткан баягы эле карапайым калк.
Manasasman түзөттү 08.08.2014 18:57
08.08.2014. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Елестеткиле мен ошто уна айдап баратсам жолду казып койушуптур анан еч кандай знак деген жок анан ал казып койгон чункурдан качып встречный га чытым анан еле гаилер тосуп сен емнеге встречныйга чыктын деп праваны алабыз деп коркутушту турасын айтып тушундурсом да бари бир акча алышкан еми жаны законго ушундай абалга туш келсем 20000мин акчаны кайдан табам мен еле емес башка айдочуларчы так что калка кыйын болду Аша сизге чон рахмат калкты ойлобогонунузга тазим етем дегеле жолдор талапка жолдор ж
08.08.2014. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун саат тогуздарда тыпыйып жолго чыгып калышыптыр.Бирдеме ондуролу деген го.Кечке чейин жол эрежесин бузбай койдум эле,баштарын тырмап анан кетип калышты корунот.Буларды жонго салуунун бир эле жолу бар-жол эрежесин бузбай коюш керек.Анан тажаганда оздору эле жумушун таштап кетишет.
08.08.2014. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын, эч кимге жакпагандай иш.
08.08.2014. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Штрафтар которулгону жакшы эле болду.Эми ГАИшниктер жок дегенде жарым ай честный иштеп койсо эле эреже бузгандар азайып калат эле.Туугандар жол эрежесин бузбай айдасак эле ким токтотуп акча сурамак эле.
09.08.2014. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анегдот. Жолдо баратса гай таягын которуп дакмент баары жайында музыка барбы оба бар коюн гайчи колун которуп ойноп акча кыстырбайсызбы денег экен
10.08.2014. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talant87, эч нерсеге тушунгон жокмун,соз эмне жонундо?
09.08.2014. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бечара кыргыз елим окмоттон акча сурабай загар жатканда штрафты да которуп салды чынынча карапайым калкга кыйын болот же жан багарлык айлык болбосо кыргызстанда чиновниктер айныйын деп калыптыр
10.08.2014. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
odin-takoy, айныйын деп калган эмес,давно айнышкан
09.08.2014. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Туп туура кылышаттар. Айдоочуларга сом керек болсо мыйзамга баш ийсин. Бул озунордун эле пайданарго. Тартипти сактасак мыйзамга баш иийсек ошондо онолобуз. Чоондорду кунологон менен эч нерсе озгорбойт болуш керек. Сом дегенде эле баарыбыз зыртырайбызго эрежени бузбай журсон сага айырмасы не.
10.08.2014. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jorobek.kg, сен машина айдабайт окшойсун,сен айдабасан сенин байке-эже,ини-туугандарын айдайт,элестетип кор ошолор 20 мин штраф толоп жатканын.
09.08.2014. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiyp pul tologun kelbese erejeni buzbai aida da.erejeni buzup alyp anan kim jaman GAI jaman.bizde aido4ular biri birin syiloo degen jok
09.08.2014. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kopton beri Rossiiada ruldamyn.bul jakta kyila jogoru tuwunuk GAI lerge da aidoo4ular biri birine da.jondon jon ele erejeni buzbasan GAI da saiylbait.dokum tekweret koiberet boldu
09.08.2014. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ros da aiyp puldardy jogorulatyp jatat jyldan jylga.burok eli tuura ele kabyl alat.bizde ele
09.08.2014. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyskasy tuura kylat.erejeni buzbai jon aida
09.08.2014. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында эле ГАИлердин заманы болуп калды окшойт.Кечээ эле жума куну Кадамжайдын Халмион айылында (базарында)бир формачан ГАИ тачкага жаны холодилъник,ванна кузгусун салып алып чыгып кетип жатат.Эми биринчи куну эле иштеп койду да,уч торт бей бечера шоферди сыздатып.Эй чондор АША братан ушул законунар жакбай турат,кичине женил желпи башкача закон ойлонушуп корсонор боло.
09.08.2014. 06:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Штрафты которуп эмне аварияны токтобуз дегениби,же болбосо окмоттун казнасын толтурабыз дегениби?Жоок!!! Бул карапайым элдин кыжырына тийип бийликти кетируунун дагы бир этабы .
09.08.2014. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abas, провокацияга жол жок! Эскертүү!
09.08.2014. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Штраф которулсо жол эрежесин бузуу азайат деп ким айтты, бул болгону ГАИшниктердин чонтогун толтурат болгону. Мурун штраф 300 сом болсо айдоочуну 100-200 сомго сындырып, акчаны чонтогуно смалып кое беруучу. Эми мисалы штраф 1500 сом болсо 1000 сомго сындырып койо беришет. 10 бармагын корсотуп пара сурагандар эми колунун 10 бармагына бутунун 10 бармагын кошуп пара сурашат. Чиновниктер омуру штраф толошкон эмес, ар кимисинин таанышы,Мелис байке сыяктуу "крышалары" бар, баягы карапайым эл кыйналат
09.08.2014. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Revolyutsioner, менин оюмдагыны айттын!
09.08.2014. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ГАИлердин куну тууд,штраф азыраак кезинде чычкак андыган мышыктай болуп талдардын арасына жашынып алышып кармашчы эле машинелерди,эми эмне болот болду экен? Карапайым калкка 30-40мин айлык толоп анан штрафты 20 мин кылса жарашат.Бул чондордун жана ГАИлердин гана кызыкчылыгы.ГАИлердин чонтоктору соолуп баратат окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: