super.kg logo

Жылнаама, 9-август: Мындан 51 жыл мурун америкалык ырчы, актриса жана продюсер Уитни Хьюстон төрөлгөн

 
* Мындан 51 жыл мурун, 1963-жылы америкалык ырчы, актриса, продюсер, фотомодель Уитни Элизабет Хьюстон АКШнын Нью-Жерси штатындагы Ист-Оранж шаарында төрөлүп-өскөн. "Гиннесстин рекорддор китебинде" Уитни Хьюстон эң көп сыйлыктардын ээси болгон артист катары жазылып калды. Анын сыйлык, наамдары 411ге жеткен. Башкасын айтпаганда эле ырчы, актриса 2 “Эмми”, 6 “Грэмми”, “Billboard” журналынын 30 атайын сыйлыктарынын ээси. Анын жалпысынан 170 миллион даана альбому сатылып, бул жаатта да эң алдынкылардын катарында. 
Уитни Хьюстон 2012-жылы 11-февралда Лос-Анжелестин “Беверли Хиллтон” мейманканасында 48 жаш курагында дүйнө салган. Уитнинин жуунуучу бөлмөдө жаткан чала жан денесин анын жан сакчылары көрүп, “Тез жардам” чакырышкан. Бирок баары кеч болуп калган.
* Мындан 40 жыл мурун, 1974-жылы АКШнын 37-президенти Ричард Никсон отставкага кеткен. Уотергейт чуусунун натыйжасында Ричард Никсон президенттик кызматтан баш тарткан. Ошентип ал өз эрки менен кызматынан кеткен биринчи президент болуп калган.
  
* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы түркмөн лидери Сапармурат Ниязов Аксакалдар кеңешинин делегаттары тарабынан чечилген "өмүр бою президент" наамын алуудан баш тарткан. 
* Мындан 90 жыл мурун, 1924-жылы Луговое-Пишпек темир жол байланышы салтанат менен ачылган.
9-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.08.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапармурат Ниязов ынсаптуу экен,биздикилер болгондо,макул мен омур бою болоюн,менден кийин жети авлетим да болсун демек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: