super.kg logo
  Саясат  

Малайзиялык делегаттар Сингапур-Бишкек авиакаттамын ачууну сунушташты

 

КРнын Экономика министринин орун басары Данил Ибраев «Путраджай» корпорациясынын президенти Асех бин Че Мат менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу 8-августта мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда тараптар инвестиция тартуу боюнча жумушчу топ түзбөй, долбоорлорду иш жүзүндө аткарууну талкуулашты. Эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтык каралып, малайзиялык тарап адал продукция чыгаруу жаатында биргелешкен ишкана түзүүнү сунушташты. Ошондой эле Бишкекте мейманкана жана соода-логистикалык борбор куруу сунушу айтылды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө транспорт тармагында кызматташуу, Сингапур-Бишкек авиакаттамын ачуу, кен иштетүү жаатында инвесторлорду тартуу, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана баш калаада көңүл ачуу борборун куруу сунушу талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: