Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүү талкууланды

Бүгүн, 9-августта өлкө башчы Алмазбек Атамбаев иш сапарынын алкагында Түркиянын президенти Абдулла Гүл менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда мамлекет башчылары акыркы жылдардагы эки тараптуу мамилелердеги жетишилген прогрессти жогору баалашты.
Алмазбек Атамбаев Абдулла Гүлдүн кыргыз-түрк кызматташтыгын жана боордош мамлекеттердин достугун бекемдөөгө кошкон чоң салымын белгилеп, “Түркия кыйын мезгилдерде Кыргызстанды дайыма колдоп келген” деди.
Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүн талкуулап, экономикалык аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгүн да белгилешти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
2

