Жылнаама, 11-август: Мындан 28 жыл мурун ырчы Мирбек Атабеков төрөлгөн

* Мындан 50 жыл мурун, 1964-жылы Кыргызстандын башкы ортопед-травматологу, Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун директору, КРнын Эмгек сиңирген дарыгери Сабырбек Жумабеков төрөлгөн.
* Мындан 28 жыл мурун, 1986-жылы “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча 3 жолку “Жылдын мыкты ырчы мырзасы”, "Заманыбыздын супер ырчысы" наамдарынын ээси Мирбек Атабеков Талас облусуна караштуу Жон-Арык айылында төрөлгөн. 1993-жылы өзү жашаган айылдагы мектепке бара баштаган. 6-классты аяктап, Бишкекке бир туугандары менен көчүп келип, №50-мектеп-гимназиясында окуп калган. 9-классты аяктаганда кафе жана ресторандарда ырдай баштаган. Мектепти бүтүргөн соң Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин экономика факультетине тапшырган. Кийинчерээк "Поющий город" долбооруна катышып, финалчы болгон. 2004-жылы өзү "Тандем" аттуу топ негиздеп, өлкөнүн хит-параддарында "Жүзүң" аттуу ыры менен алдынкы орундарга чыга баштаган. 2006-жылы Канат Култаев менен иштешип, экинчи хит ыры "Сени гана" менен көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. 2007-жылы "Не моя" аттуу ыры өлкөнүн бардык радиолорунда жаңырып, көптөгөн кыргыз жаштарын өз өлкөсүнүн эстрадасына кызыктыра алган. Ошол эле жылы Мирбектин биринчи жеке концерти 3 күнгө уланган.
* Мындан 88 жыл мурун, 1926-жылы «Кодак» компаниясы түстүү киноплёнкаларды чыгара баштаган.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы


11-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Real_Madrid95

11.08.2014. 06:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туулган күнүңүз менен Мирбек байке!
Kuali

11.08.2014. 08:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек туулган кунун кутту болсун коп жашап ден соолукта бол!
Chiko.kg

11.08.2014. 09:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туулган кунун кут болсун бар бол бактылуу бол жылдызын жанып кыргыз элинин сыймыгы болуп журо бер.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.