super.kg logo

Эки ай бою Кыргызстандын жети дубанында тартылган “Кыргыз бийи” аттуу клиптин бет ачары болду (фоторепортаж)

 
"Кыргыз бийи" долбоорунун катышуучулары.
Клиптин бет ачарына маданият кызматкерлери катышты.
Клиптин бет ачарына коомдук ишмерлер да келишти.
Коноктор боорсок менен кымыздан даам сызышты.
Кубаныч Сатаевдин жубайы Кундуз Авашова да келди.
Ырчы Акбар Сүйүнбаев уулу Акбата менен.
Ирлан Таалайбеков да аземге ашыгып келген.
Иш-чаранын жүрүшүнөн.
Шоумен Бакыт Байсариевдин жубайы балдары менен.
Белгилүү акын Кыялбек Урманбетов (оң жакта).
"Назик" бий тобунун жетекчиси Назик Исраилова.
Режиссёр Сүйүн Откеев жана "Кыргыз бийи" долбоорунун жетекчиси Ырысбек Жабиров.

Бүгүн, 13-августта Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде “Кыргыз бийи” аттуу клиптин бет ачары болду. Ага Кыргызстандын көрүнүктүү коомдук жана маданият ишмерлери, шоу чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Аземде ырчы Султан Садыралиев сөзү белгилүү акын Кыялбек Урманбетовго, обону Азамат Отунчиев жана Мирлан Ниязовго таандык "Кыргыз бийи" ырын аткарса, аны коштогон "Миң кыял" бий тобу жаңыча иштелип чыккан кыргыз бийинин элементтерин көрүүчүлөргө тартуулады.

Патриоттук сезимди ойготкон чыгармага алгачкылардан күбө болушкандар кол чаап колдоп отурушту. Алар кыргыз бийи мыкты деңгээлде иштелип чыкканын жана клип жакшы сапатта тартылганын баса белгилеп өтүштү. Салтанаттын соңунда келген коноктор жаркын маанайда кыргыз бийин чогуу бийлешти.

Ырдын сөзүн жазган акын Кыялбек Урманбетов: “Клипке көп эмгек, каражат кетип, мыкты эмгек жаралыптыр. Эгер ушундай колдоо болуп турса, кыргыздын ырчы, бийчилери дүйнөнү эбак дүңгүрөтмөк. Мага клипте бээни саап баштаганы аябай жакты. Ошондо чыйк-чыйк деп сүттүн чакага түшүп жатканында кыргыз бийинин кайрыгы бар экен. Балким, кыргыз бийинин элементтери ошондон чыкса керек”,- деди.

“Ар бир улуттун өзүнө таандык бийи бар эмеспи. Биз дагы кыргыздар той-топурда, жакшылыктарда өзүнүн нукура улуттук бийине чимириле бийлесин деген максатта бул ойду ишке ашырдык. Кытайдагы кыргыздар кыргыз бийин сактап калышкан экен. Ошол жакка барып тарыхта калган элементтерди үйрөнүп келдик. Казактар бийлеп жүргөн "Кара жоргону" бийлегенде денең талып, колдоруң ооруп чыгат. Бул бийде денеңди бош алып бийлей бересиң”,- дейт Бакыт Байсариев.

“2 ай маңдай тер төккөн эмгектин үзүрүн бүгүн көрүп жатабыз. Кыргыздын элин, жерин көрүп, жергебиздин ажайып кооз жерлеринде тарттык. "Кара жорго" талашка түштү го. Мында долбоордун авторлору кыргызга гана таандык, эч ким талашпагандай идея менен иштеп чыгышты. Ата-бабабыздын бул бийи кыргыз калкына жайылып, кыргыздын бийи болуп каларына ишенем”,- дейт Сүйүн Откеев.

“Кыргыз бийи” долбоорунун жетекчиси Рысбек Жабиров: “Бул долбоордун катышуучулары жалпы кыргызстандыктарды келе жаткан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, ушул бий биримдиктин, ынтымактын бийи болсун деген чакырык таштап, жалпы элге белек кылат”,- деди.






Султан Садыралиев "Кыргыз бийи"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 21 
Комментарийлер(235)
Медиа-портал
13.08.2014. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Мына сага нукура кыргыз клиби!Коргондо бут журогун менен кыргыз экенинди сезесин.Султанга дагы да ийгилик,майын чыгарып салыптырго.
Медиа-портал
13.08.2014. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Султанга, созун, обонун жазгандарга, клиптин устунон иштегендерге, режиссер, оператор ж.б. бийчилерге терен ыраазычылык билдирем! Кыргызстанга барып келгендей эле болдум! Ушунчалык кооз, керемет жерибиз бар! Рахмат!!!
Медиа-портал
13.08.2014. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Укмуштай сонун.
Медиа-портал
13.08.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
браво соонун колип болуптур
Медиа-портал
13.08.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Клип керемет экен. Манастын кумбозун коруп кубандым. Клип коптогон мээнет менен, каражат менен тартылса керек. Мандай тер менен тартылган клипке алдыда жакшы комментарийлер жазылат деген ишеничтемин)))
Медиа-портал
13.08.2014. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
эн соонун ыры чыккандан баштап куто баштагам клипти,Ошто тартылган жери олло сонун болуптур кооз жерлерибизди тартыптыр.Ммм коруп тойбоймунгооо...
1
2
3
4
5
6
7
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: