super.kg logo

Жылнаама, 12-август: Мындан 14 жыл мурун Орусиянын Баренцево деңизинде “Курск” атомдук суу астындагы кемеси кырсыкка кабылып, экипаждын 118 мүчөсү набыт болгон

 
* Мындан 31 жыл мурун, 1983-жылы Мерьем Узерли Германиянын Кассель шаарында төрөлгөн. Атасы Хусейн Узерли түрк улутунан болсо, энеси Урсула Узерли - немис кызы. Апасынын биринчи никесинен эки агасы жана бир эжеси бар. Мерьем искусство адамы болууга эч качан умтулбаганын айтат. Анан да бала кезинде актрисалык жөндөмү, таланты байкалган эмес экен. Бирок ал орто мектепти аяктап, Гамбургдагы актёрлук окуу жайга тапшырууну чечет. Үч жыл билим алгандан кийин өз өнөрүн сынап көрмөккө театрга ишке орношкон. Ал жактагы иши өзү ойлогондой чыкпай, дайыма экинчи пландагы ролдорду гана аткарып, актрисанын бир нече убакыт депрессия абалында жүргөнү айтылат. «Даңазалуу кылым» сериалында Сулейман султандын сүйүктүү жары, кумарлуу Хүрремдин ролу Мерьем Узерлиге атактуулук алып келген. 2014-жылдын 12-февралында актриса кыздуу болгон. 
 * Мындан 2044 жыл мурун, б.з.ч. 30-жылы Египеттин ханышасы Клеопатра Рим императору Октивиан Августка турмушка чыгуудан баш тартып, өз жанын өзү кыйган.
 * Мындан 14 жыл мурун, 2000-жылы Орусиянын Баренцево деңизинде “Курск” атомдук суу астындагы кемеси кырсыкка кабылып, байланышка чыкпай калган. 14-августтан тарта куткаруу операциясы башталып, 22-августта суу астындагы кеменин экипажы толугу менен набыт болгонун кабарлаган. Ошол жылы 7-ноябрда каза болгондорду суу астынан алып чыгуу бүткөнү айтылып, жалпысынан 2001-жылы күзүндө 118 адамдын 115инин денеси чыгарылган. Кырсык боюнча иликтеген комиссия "кеме торпеданын жарылышынан келип чыкты" деген тыянак чыгарган. Расмий эмес маалыматтарга караганда, суу астындагы кеме чет элдик кеме менен кагылышып кеткен. Ошондой эле АКШнын суу астында калгандарды куткарбоо үчүн пара бергени айтылып келет.
12-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: