Каракол шаарында өрт-колдонмо спорту боюнча өткөрүлгөн мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды






Каракол шаарында өрт-колдонмо спорту боюнча өткөрүлгөн мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган иш-чара Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин 88 жылдык мааракесине арналган. Мелдешке бардык аймактардан өрт өчүрүүчүлөр катышып, жыйынтыгында Өрткө каршы кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы 1-орунду, 2-орунду Ош шаарынын жана 3-орунду Талас облусунун Өрткө каршы башкармалыгы ээледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.