Асылбек Жээнбеков Ирандын Ислам Кеңеш Межлисинин төрагасына көңүл айтты
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Ирандын Ислам Кеңеш Межлисинин төрагасы Али Лариджаниге 10-августта көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген Тегеран шаарындагы авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта ЖКдан маалымдады.
Төрага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана өзүнүн атынан курман болгондордун туугандары менен жакындарына көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшө турганын билдирди.
10-августта Ирандын чыгышындагы Табас шаарына бет алган “Табан” авиакомпаниясына таандык учак Мехрабад аба майданында кырсыкка кабылып, 40ка чукул адам каза тапты. Учакта жалпы 48 адам бар болгон. Алардын ичинен жетөөсү - жаш балдар, сегизи - экипаж мүчөлөрү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















