Айыл чарба министри чөптүн баасы кымбаттаганына карабай быйыл тоют маселеси жаралбай турганын айтты
Бүгүн, 12-августта журналисттер менен жолугушууда айыл чарба жана өнөр жай министри Таалайбек Айдаралиев: “Бир боо чөптүн баасы 280 сомго чыгып кетти деп эл тынчсызданып жатат. Бирок бизде тоют жетиштүү”,- деп билдирди.
Анын айтымында, быйыл өткөн жылдардагыдай эле тоют камдалууда. Ошондой эле жүгөрү жана төө буурчактын сабагын жыйнап тоют даярдаса болот.
“Тоют кымбаттап жатат” деп элди дүрбөлөңгө салып жаткандар - жеке ишкерлер. Ошолор чөптүн баасын кымбаттатып жатышат. Мен элге ишенимдүү түрдө айтып коёюн, эл кооптонбой койсо болот, чөп жетиштүү”,- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















