Ош шаарындагы Космонавттар сейил багы кайрадан оңдоп-түзөлүүдө
Ош аймагындагы Космонавттар сейил багы кайрадан оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта вице-мэр Жапар Ормонов билдирди.
Анын айтымында, аталган эс алуу жайы буга чейин көңүл бурулбай, баш аламан болуп кеткен. Учурда шаардык бийлик тарабынан элге шарт түзүүнүн аракеттери көрүлүп, «Арис» эл аралык уюму тарабынан 4,5 миллион сом, шаардык бюджеттен 500 миң сом акча каражаты бөлүндү.
"Оңдоп-түзөө иштери толугу менен бүткөрүлсө, ачылышын октябрь айынын башына пландап жатабыз. Айланасы тосулуп, менчик соода түйүндөрүн иштетүүгө жол берилбейт. Толугу менен жарыктандырылып, айланасы гүлдөр менен кооздолот".
Айта кетсек, эс алуу жайынын ачылышы Ош шаарынын күнүнө ылайыкталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

E dostor! Mynday bolo berse ozubuz ele Oshtun tash-talkany chyga elekte Myrzakmatov agabyzdy alip kelet okshoibuz Oshko!!! Ubakytty beker ketirip
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
Далили жок билдирүү калтыруудан алыс болуңуз.