Алмазбек Атамбаев Тибеттеги автокырсыкка байланыштуу Си Цзиньпинге көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге 2014-жылдын 9-августунда ондогон адамдардын өмүрүн кыйган Тибет автономиялуу районундагы автокырсыкка байланыштуу көңүл айтты.
Мамлекет башчысы каза тапкандардын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ушул трагедиянын натыйжасында жапа чеккендердин бардыгы тезирээк айыгып кетишин каалаарын билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Тибетте өткөн аптанын аягында туристтерди алып бара жаткан автобус 2 унаа менен кагылышып, 10 метрлик жардан кулап кеткен. Натыйжада 44 адам каза болуп, 11 адам жаракат алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

