super.kg logo

Жылнаама, 13-август: Мындан 48 жыл мурун Тунисте кыздарга кыска юбка кийүүгө тыюу салынган

 
* Мындан 56 жыл мурун, 1958-жылы “Dolce & Gabbana” брендинин ээлеринин бири Доменико Дольче Сицилияда туулган. Мода индустриясынын тарыхына өз атына жаздыра алган Доменико колледжди аяктагандан кийин Миландагы институтту бүтүргөн. 1982-жылы Стефано Габбана менен кезигип калат. Алардын ортосунда алгач сүйүү, кийин чогуу иштешүү жөнүндө ой пайда болот. 1985-жылы айымдар, 1987-жылы эркектер үчүн даярдалган биринчи коллекцияларын тартуулашат. Чыныгы ийгиликке Дольче менен Габбана 90-жылдарда жетишишти. Дүйнөлүк мода тарыхында болуп көрбөгөн жаңы моделдерди жаратышты. Алардын ичинен эң атактуулары: тыш кийимдин да ролун аткара алган кооз ич кийимдер, жылаңач денеге кийилчү костюмдар жана атайын жыртылып, баалуу таштар менен кооздолгон жынсы шымдар. Эки гений Сицилиянын салттарын бузушуп, жесир аялдардын кара кийимдерин укмуштуу кече көйнөктөргө айландырышкан. Кийимдерден тышкары көз айнек, сумка, бут кийим жана башка аксессуарлардын жаңы түр­лөрүн жаратышты. Алар ортосундагы жакын мамилени 2000-жылы ачыкка чыгарышып, 2004-жылы эки жакка кетишкен. 2013-жылы март айында "Форбс" журналынын рейтингинде Доминико Дольче эң бай 100 адамдын тизмесине кирген. 
* Мындан 48 жыл мурун, 1966-жылы Тунисте кыздарга кыска юбка кийүүгө тыюу салынган. Туризм тармагы өлкөнүн экономикасынын негизги бөлүгү болуп саналат. Туристтердин саны көп болгонуна карабастан, тыюу салуу баарына бирдей каралары айтылат. Мамлекет мусулман өлкөсү болгондуктан, мындай көрүнүштөр таң калууну жана нааразычылык жаратпайт.
* Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы Өмүрбек Бабановдун өкмөтүн отставкага кетирүү үчүн "Ата Мекен" фракциясы "премьер-министрге түркиялык ишкер тарабынан кымбат баалуу аргымак тартууланган, бул пара алууга барабар" деген билдирүү таратуу менен кезексиз жыйын өткөргөн. 
13-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.08.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде качан тыюуу салынат кыска юбка кийгенге, кыздарыбыз бузулуп жатат , каяктагы SWAG деген болбогон батыштын модасын туурап чечинип алышты , андай кыздарды коргондо баардык эле эркектин эркектиги кармап кетет, анан эле эркек эмессинер , бузуп коюп деген создор чыгаа келет..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: