super.kg logo
  Саясат  

Медициналык жардам көрсөтүүнү аймактык белгилерге такабастан, жөнөкөйлөштүрүү керектиги айтылды

 
КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева 12-августта өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрайымы Гүлмира Шакированын отчётун укту.

Маалыматка ылайык, Бишкек жана Ош шаарларындагы "Мамлекеттик кепилдик" программасы боюнча камсыздоо полисине ээ жарандарга медициналык, санитардык көмөк көрсөтүүгө келишим түзгөн жеке медициналык тейлөө көрсөтүүчүлөрдүн санын жогорулатуу боюнча иштер жүрүүдө. Анда саламаттык сактоо тутумундагы көптөгөн жеке түзүмдөрдүн "Мамлекеттик кепилдик" программасынын алкагында медтейлөө көрсөтүүчү катарында катышууга болгон умтулуусу жоктугу айтылды.

Белгилүү болгондой, учурда катталган калктын маалыматтар базасын инвентаризациялоо иши жүрүүдө. 2014-жылдын 1-июлуна карата үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 5 4431,4 миң адам катталып, анын 4 051,2 миң жараны камсыздандырылган.

Фонддун врач-эксперттери тарабынан медициналык тейлөө сапатын экспертизалоо жүргүзүлүп турат. Тактап айтканда, 2013-жылы республика ооруканаларына 2106 негизсиз жайгаштыруу болгондугу аныкталган, бул 2013-жыл үчүн жалпы дарыланып чыккандардын 0,23 пайызын түзгөн. 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгында ооруканага 715 негизсиз жайгаштыруу орун алып, ал жалпы дарылангандардын 0,16 пайызын түзөт. Ар бир окуяга карата финансылык санкциялар салынган.

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева фонддун төрайымына алдыга коюлган максат-милдеттерди өз убактысында аткаруу зарылдыгын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: