Бакытбек Кожогулов: "Кыргызстандагы тоо кенин иштетүүдө инвесторлорго бир топ коркунучтар бар"
Кыргызстанда тоо кенин иштетүүдө инвесторлорго тышкы жана ички коркунучтар бар. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта тегерек столдун жүрүшүндө адис Бакытбек Кожогулов билдирди.
Анын айтымында, тышкы коркунучтарга баалардын өсүшү, салык мыйзамы, мамлекеттик түзүмдөрдүн кийлигишүүсү кирет. “Ал эми ички коркунучтарга пайдалуу кендердин сапаты, тоолуу-техникалык шарттары, кендин технологиялык сапаты жана экологиялык шарттар кирет”,- деди ал.Мындан тышкары адис ушул маселелерди чечүүдө бийлик иш жүргүзүшү керек экенин баса белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.