super.kg logo
  Спорт  

Европанын Суперкубогу үчүн болгон беттеште мадриддик "Реал" "Севильяны" 2:0 эсебинде утуп алды

 

Кардифф шаарында УЕФАнын Суперкубогу үчүн өткөн беттеште испаниялык клубдар "Реал" менен "Севилья" кез келип, "Реал" 2:0 эсебинде утуп алды. 13-августка караган түнү орун алган оюндун жүрүшүндө Криштиану Роналду эки гол киргизип (30, 49-мүнөттөр), мадриддик клуб өз тарыхында экинчи жолу УЕФАнын Суперкубогун алып кетти. 

«Севильянын» оюнчулары бир нече жолу оюнду башкарганга аракет кылышканы менен, жеңишти өңөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн жок. Оюндун жүрүшүндө "Реалдын" эки оюнчусу Даниэль Карвахаль менен Тони Кроос жана "Севильянын" да эки оюнчусу Витоло менен Фернандо Наварро сары айып кагазын алышты. 

Кошумчалай кетсек, Суперкубок УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жана Евролигасынын акыркы сезондогу чемпиондорунун ортосунда болот. Мадриддик «Реал» 2002-жылы голландиялык «Фейеноордду» 3:1 эсебинде утуп, УЕФАнын Суперкубогун алып кеткен. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
13.08.2014. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал мыкты королевский клуб. Бирок Севильяга тарттым эле женилип калбадыбы.
13.08.2014. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олеей олей Реал чемпион!!!!
Danel түзөттү 13.08.2014 14:20
13.08.2014. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин суйукту командам. Баалаган фудболистим да капитан командасы.
13.08.2014. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Мадрид. Силер мыктысынар!
13.08.2014. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nur45. Sen baalagan kapitany komandanyn futbolist emes vorotorist. Bilbesen jazba da oiuna kelgendi.
14.08.2014. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урааааааааа
16.08.2014. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin jaktyrgan Futbolisim.Toni Kroos jakshy oinodu,sary karta algany menen
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: